ӨКМ ЭСКЕРТЕТ! 

ӨКМ ЭСКЕРТЕТ! 

ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ! КАТУУ ШАМАЛ КҮТҮЛҮҮДӨ!

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин  Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, жакынкы үч саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө, батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт. Мындай билдирүү ӨКМдин сайтында жарыяланды.

Буга байланыштуу адистер коомчулукка кайрылууда:

Урматтуу жарандар!

Шамал катталган учурда коопсуз жайларда болуңуздар! Кырсык катталган учурда "112" бирдиктүү кызматына токтоосуз чалыңыз. Чалуу акысыз жана күндүр-түндүр кабыл алынат - деп айтылат эскертүүдө.