Жалал-Абад: Барпы атындагы театрына жаңы көркөм жетекчи дайындалды

Жалал-Абад: Барпы атындагы театрына жаңы көркөм жетекчи дайындалды
Жалал-Абад облустук Барпы атындагы театрына Курманбек Ниязбеков көркөм жетекчи болуп дайындалды. Бул туурасында аталган театрдын Фейсбуктагы баракчасында жарыяланды.
Анда маалымдалгандай
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутовдун буйругунун негизинде Курманбек Ниязбеков 2025-жылдын 21-январынан тартып Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театрынын көркөм жетекчиси кызматын аткарат. Министрдин буйругун жана жаңы көркөм жетекчини аталган маданий мекеменин жамаатына театрдын директору Таалайбек Тургунов тааныштырды.
К.Ниязбеков буга чейин Токтосун Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясынын көркөм жетекчиси кызматын аркалап келген. Ошондой эле театр тармагындагы эмгек жолунда А. Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрынын актёру, А. Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык-драма театрынын көркөм жетекчиси, Кыргыз улуттук "Манас" театрынын режиссёр-коюучусу сыяктуу жолдорду басып өткөн.
Билими: Т. Абдумомунов атындагы КУАДТнын актёрдук окуу жайын бүтүргөн. Устаты КР эл артисти Замир Сооронбаев. Андан кийин билимин жогорулатып, Б. Бейшеналиева атындагы КММИУнун режиссура бөлүмүн аяктаган. Устаты КР эмгек сиңирген артисти Назым Мендебаиров - деп айтылат маалыматта.