Жалал-Абад шаарынын аталышы Манас деп өзгөртүлөт

Мындай сунушту бүгүн, 3-сентябрда Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков шаардык кеңештин кезексиз сессиясында сунуштап, депутаттар бир добуштан колдоп берди.
Белгилей кетсек, шаардын атын өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору эми Жогорку Кеңеште каралып, мыйзамга Президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.
Эске салсак, 1991-жылы Жалал-Абад шаарына облустун борбору статусу берилген. 1993-жылдын 11-майында алгачкы каттоо жүргүзүлүп, 2001-жылдын 2-майындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 2-майындагы №153 Жарлыгына ылайык кайрадан каттоодон ѳткѳрүлгѳн. 2003-жылдын 28-майындагы ГПР 068346 саны менен Жалалабат шаарынын Уставы бекитилген. 2007-жылдын 19-октябрында Жалал-Абад шаарынын 130 жылдыгы белгиленип, шаар “Данакер” ордени менен сыйланган. 1993-жылдын 31-августунан бери Жалал-Абад шаарын 15 мэр башкарган. Учурдагы шаар мэри Эрнисбек Ормоков 2020-жылдын декабрь айынан бери иштеп келет. Учурда шаарда калктын саны 184 миңден ашат.