Жалал-Абад шаарына кирген негизги көчө кеңейтилип 50дөй обьект буздурулат

Жалал-Абад шаарына кирген негизги көчө кеңейтилип 50дөй обьект буздурулат

Мындай маалыматты Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти. Маалым болгондой, ушул тапта буздурулушу керек болгон үйлөрдүн мыйзамдуулугу текшерилип жатат.

«Жалал-Абад шаарына Сузак районунун Барпы айыл аймагынан кирген тарабындагы Чеке-Дөбө участкасы аймактык териториялдык реформадан кийин Жалал-Абад шаарынын аймагына кошулган. Бүгүнкү күнү аталган участкадагы Аттокур Азимканов көчөсүнүн шаарга кирген 1 чакырым 300 метр аралыгын кеңейтүү жумуштары жүрүп жатат. Тагырагы адистер тарабынан кызыл сызыкка чыгып кеткен үйлөр такталып, алардын мыйзамдуулугу боюнча иштер каралып жатат. Эгер мыйзамдуу болсо, аларга кенемте (компенсация) төлөнөт, мыйзамсыздары буздурулат. Ушул тапта буздурула турган 51 турак жай такталды, ал боюнча дагы тактоо жумуштары болот»,-дейт Жалал-Абад шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Миргүл Эгемова.

Мындан сырткары ал долбоор боюнча жолдун жалпы кеңдиги 22 метр болуп, анын ичинде жөө адамдар басчу тратуар жана жашыл аймак болоорун, Курулушту транспорт министрлиги ишке ашыраарын кошумчалады.

Эске салсак, былтыркы 2024- жылы калаадагы бир катар көчөлөрдө жолдорду кеңейтүү жумуштары жүрүп 400гө жакын обектилер буздурулган. Буздурулган үйлөргө кенемте үчүн шаар бюджетинен 20 млн сом акча каражаты бөлүнүп берилген болчу.