Сузак районунда 100 гектар жерге 40 000 даана 7 түрдүү көчөт отургузулуп жатат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 31-январындагы №17 “2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз респубубликасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-мартындагы №95-р тескемеси менен Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылын өткөрүү боюнча жол картасы бекилип, жол каратада “Жашыл Мурас” улуттук компаниясын ишке ашыруу боюнча акцияларды өткөрүү каралган. Анын алкагында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын аракети менен Сузак районунун Барпы айыл аймагындагы Таш-Дөбө участкасында 100 гектар жерге 40 000 даана 7 түрлүү көчөт отургузулуп башталды. Атап айтканда, жаңгак, бадам, мисте, арча сыяктуу көчөттөр. Өнөктүккө КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, ӨКМдин алдындагы Токой кызматынын башчысы Мураталы Тагаев, ӨКМдин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын башчысы Абдулнасир Закиров жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, куткаруучулар, токойчулар катышты.
Министр Б.Ажикеев белгилегендей жаңыдан эгилип жаткан бул токойлор өз кезегинде жергиликтүү тургундардын жашоо тиричилигин жакшыртууга, эң негизгиси экологияны сактоого мүмкүнчүлүк берет. Анын айтымында буга чейин бул жер дегеридацияга учурап, чөп чыкпай, кагырап боз талаага айланып турган. Азыр болсо мындагы 100 га жер айланасы бекемделип тосулуп, мал кирбегидей болуп, жаңыдан эгилген көчөттөрдүн сугат суу маселесин чечүүнү пландап жатканын кошумчалады. Ошондой эле Өгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы токой кызматы тарабынан жүздөгөн гектар аянтка көчөттөр тигилип келет. Бул жылы да өлкө башчынын «Жашыл мурас» улуттук программасынын негизинде жалаң гана ийне жалбырактуу көчөттөр эле эмес, жазы жалбырактуу да көчөттөрдү тигилип жатканын министр баса белгиледи.
Ал эми аталган министрликтин алдындагы Токой кызматынын директору Мураталы Тагаевдин айтымында өткөн 2024-жылы 1650 гектар жерге көчөттөр отугузулган болсо, быйыл эки жарым миң гектардай жерге ар бир облустун климатына жараша түрдүү көчөттөр эгилүүдө. Ошондой эле бул өнөктүк мындан ары да активдүү улантылат.