Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаевдин жетекчилиги алдында Сузак районунун Кара-Дарыя жана Көк-Арт дарыяларына суу тосмо (дамба) куруу маселеси боюнча жыйын өттү.
Жыйында жазгы суу ташкын убагында калкка жана социалдык объекттерге коркунуч жараткан кооптуу участкалар талкууланып, алдын алуу чаралары каралды. Облус башчысы коопсуздук маселесин ыкчам чечүү
зарылдыгын белгиледи.
Талкуунун жыйынтыгында Көк-Арт дарыясынын Жаңы-Ачы участкасындагы 1900 метр дамбаны куруу ишин Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өткөрүү, ал эми Орто-Сай участкасында 3 шпора курууну “Цзиянь” ЖЧКга жүктөө чечими кабыл алынды.
Ошондой эле Кара-Дарыя дарыясынын кооптуу участкаларына дамба куруу боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайрылуу жөнөтүлүп, 2026-жылга карата чечим кабыл алуу күтүлөрү белгиленди.