Манас: Мэрдин балаты майрамы өттү

Манас: Мэрдин балаты майрамы өттү
29-декабрь күнү, Манас шаарында мэрдин балдарга арналган жаңы жылдык балаты майрамы өткөрүлдү.
Иш-чарага Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Марлен Турдукулов, ошондой эле шаардык кеңештин депутаттары катышты.
Майрамдык иш-чара жаңы административдик имараттын чоң жыйындар залында уюштурулуп, ага 250 бала чакырылды. Алардын арасында мыкты окуган окуучулар, ар кандай сынактарда жана спорттук мелдештерде ийгилик жараткан балдар, ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары бар.
 Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков балдарды келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен куттуктап, ден соолук, мыкты жетишкендиктерди жана кең келечек каалады. Ошондой эле билимдүү жаштар өлкөнүн келечеги экендигин баса белгилеп, аларды талыкпастан билим алууга чакырды.
Майрамдын алкагында "Ариет" балдар чыгармачылык борбору жана Барпы Алыкулов атындагы облустук кыргыз драма театры тарабынан сахналаштырылган көрүнүштөр көрсөтүлүп, жомок каармандарынын коштоосунда ыр-бийлер тартууланды.
 Иш-чаранын соңунда ар бир балага мэриянын жана шаардык кеңештин атынан белектер тапшырылды.