Манас шаарынын “Азаттык” аянтында Жаңы жыл майрамына карата гарнизондук саптык кароо өткөрүлдү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Марлис Асанов, ардагерлер, район жана шаардык ички иштер болүмдөрүнүн,
Кайгуул-күзөт кызматынын, ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын, ИИМдин Күзөт кызматынын Жалал-Абад бөлүмүнүн, ИИМдин Ички аскерлеринин 704 аскер бөлүгүнүн жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын өздүк курамы катышты.
Гарнизондук саптык кароодо облус башчысы Тилек Текебаев сөз сүйлөп, ички иштер органдарынын кызматкерлерин келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен куттуктады. Ал майрам күндөрү коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу ички иштер органдарынын негизги жана жоопкерчиликтүү милдети экенин белгиледи.
Ошондой эле облус аймагында коомдук тартиптин туруктуу сакталып жатышы милиция кызматкерлеринин эмгегинин жана жогорку жоопкерчилигинин жыйынтыгы экенин кошумчалады.
Иш-чаранын соңунда өздүк курамдын майрам күндөрүнө карата даярдык деңгээли текшерилип, коомдук коопсуздукту камсыздоого багытталган милдеттер белгиленди.