Элмира Муратбекова Ноокендин акиминин орун басары болуп дайындалды

Элмира Муратбекова Ноокендин акиминин орун басары болуп дайындалды

 Муратбекова Элмира Муратбековна Ноокен райондук мамлекеттик
администрациясынын башчысынын социалдык маселелер боюнча орун басары
болуп дайындалды.
Маалым болгондой, ал бул кызматка Министрлер кабинетинин 2026-жылдын 17-
февралындагы тескемесине ылайык дайындалган. 
Район активине  президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу
өкүлүнүн биринчи орун басары Нурлан Эрматов кечээ, 18-февралда
тааныштырды. Буга чейин Элмира Муратбекова президенттин Жалал-Абад облусу
боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн аппаратынын социалдык бөдүмүндө
иштеп келген. 
Ал эми район акиминин орун басары кызматын буга чейин Зыяда Юлдашева
аркалаган. Ал №13 округ боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына
талапкерлердин катарында болчу. 

Муратбекова Элмира Муратбековна   01.10.1979-жылы 1-октябрда Жалал-Абад
облусунун Ала-Бука районунун 1-Май айыл аймагынын Айры-Там айылында
туулган.
Билими:
- 1997-2002-жылдары — Ош мамлекеттик университети, кыргыз тили жана
адабияты факультети.
- 2016-2019-жылдары. — К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университети, 
бухгалтердик эсеп жана аудит.
Эмгек жолу:
- 2002-2003-жылдары — Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мукуми атындагы
орто мектеби, мугалим;
- 2003-2006-жылдары — Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы М.
Алымбеков атындагы орто мектеби, мугалим;
- 2006-2012-жылдары — Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясыжетектөөчү адис, сектор башчысы;
- 2012-2017-жылдары — Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясына
караштуу Жалал-Абад областтык мамлекеттик тил комиссиясы-жетекчи;
- 2017-2024-жылдары — Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу
Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын башкы адиси;
- 2024-жылдан бери — Кыргыз Республикасынын президентинин Жалал-Абад
облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты-башкы адис.
Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы инспектору