Аксыда Нарын дарыясына чөгүп кеткен баланы издөө иштери эки өлкөнүн аймагында уланууда

Аксыда Нарын дарыясына чөгүп кеткен баланы издөө иштери эки өлкөнүн аймагында уланууда

 Мындай маалыматты район акими Максат Саргазаков билдирди. Анын айтымында ушул тапта туруксуз аба ырайына карабай издөө иштери улантылып жатат.

“Буга чейин мен сууга агып кетти делген 8 жаштагы баланын үй-бүлөсүнө барып кабар алып келди. Ушул тапта Үч-Коргон айыл аймагы аркылуу агып өтчү Нарын дарыясынын Өзбекстандын чек арасына чейинки аралыгында ӨКМдин 3 бригадасы иш алып барып жатат. Үч-Коргон жана Шамалдуу-Сай ГЭСтерине суунун көлөмүн азайтып туруу боюнча кат жолдогонбуз, кечээ Таш-Көмүр ГЭСине да кайрылдык, адистер күн сайын суунун көлөмүн 2-2,5 метрге чейин азайтып берип жатышат.

Ал арада коңшу Өзбекстан республикасынын Наманган облусунун жетекчилиги жана чек ара кызматынын жетекчилиги менен байланышып, биздеги абалды түшүндүрүп, ал тараптан көмөк сурадык. Коңшу өлкөнүн жетекчилиги да колдоого алып чек ара кызматы изделип жаткан баланын атасын коңшу өлкөгө тоскоолдуксуз кирүүгө уруксат берип, Наманган облусунун ӨКМ кызматы да суу жээктеринде издөө иштерин алып барып жатышат”-,дейт район акими М. Саргазаков.

Эске салсак, буга чейин Аксынын Кум айылында 8 жаштагы бала Нарын дарыясына агып кеткенин жазган болчу.