Жалал-Абадда сойкулук менен алектенген 30 жана 23 жаштагы аялдар аныкталды

Жалал-Абадда сойкулук менен алектенген 30 жана 23 жаштагы аялдар аныкталды

Мындай маалыматты Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди.
Маалым болгондой, 2025-жылдын 26-февраль күнү ОИИБдин кылыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлерине, Жалал-Абад шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде, массаж жасоого кызмат көрсөтөбүз деп сойкулук менен алектенүүгө көмөскө жай уюштуруп, сойкулук менен алектенип жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн.
Аталган маалымат Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан, кылмыштардын бирдикүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси(Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
«Козголгон кылмыш иши боюнча, Жалал-Абад ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Жалал-Абад облусу боюнча УКМК кызматкерлеринин ыкчам иш аракеттеринин негизинде, аталган кылмышка шектүү катары Ала-Бука районунун 1995-ж.т. С.кызы Ж. жана Ноокат районунун 2002-ж.т. Б.Х. аттуу тургундары аныкталган.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө 1995-ж.т С.кызы Ж. 2012-жылдан бери ал эми 2002-ж.т. Б.Х. 2023-жылдан бери сойкулук менен алектенип келишкендиги маалым болгон»,-
деп айтылат мекеме берген маалыматта.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.