АР БИР БАЛАГА ТУУЛГАНДЫГЫ ТУУРАЛУУ КҮБӨЛҮК БЕРИЛЕТ
АР БИР БАЛАГА ТУУЛГАНДЫГЫ ТУУРАЛУУ КҮБӨЛҮК БЕРИЛЕТ
Эми Кыргызстанда туулган бардык балдар, алардын ата-энесинин тийиштүү документтеринин же жарандыгынын бар-жоктугуна карабастан, расмий түрдө туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала алышат. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров ушул жагдайды теске салган тийиштүү мыйзамга кол койду. Ал эми Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар иштери боюнча башкы комиссарынын башкармалыгы (УВКБ-КИБКБ) бул окуяны өлкөдөгү бараандуу окуя катары баалады. Аталган мыйзам быйыл 24-июндан баштап күчүнө кирмекчи. Бул тууралуу БУУнун www.news.un.org сайты жазып чыкты.
Качкындар иштери боюнча башкы комиссардын башкармалыгы билдиргендей, акыркы жылдары Кыргызстанда жарандуулуктун жоктугу боюнча бышып жетилген маселелерди чечүү жагынан бир катар жагымдуу аракеттер көрүлүп келет. Жаңыдан кабыл алынган мыйзамга ылайык, ата-энелеринин жарандыгынын жана тийиштүү башка документтеринин жоктугуна, ошондой эле убагында тийиштүү каттоодон өтпөгөнүнө карабастан, аларга туулгандыгы тууралуу күбөлүк бериле баштайт. Кыргыз Өкмөтүнүн 2022-жылдагы сурамжылоо-иликтөө иштеринин натыйжасы көрсөткөндөй, бул чечимдин артынан кеминде беш миң үй-бүлөнүн балдары утукка ээ болушат.
Туулгандан кийин расмий каттоодон өтүү укугу адам укуктарынын негизгилеринин бири болуп саналат. Ата-энелеринин статусуна карабай туулган балдардын расмий түрдө баарын тийиштүү каттоого алуу боюнча Кыргызстандын кабыл алган чечими жарандуулугу жоктордун көйгөйүн чечүү жагынан Өкмөттүн 2019-жылда кабыл алган төрт милдеттемесинин бирөө эсептелет. Ал эми БУУнун Качкындар иштери боюнча комиссарынын башкармалыгы Кыргыз өкмөтүнүн бул багыттагы аракеттерин дайыма колдоого алмакчы.
Кыргыз Республикасы 2019-жылы өз аймагындагы жарандуулугу жоктордун көйгөйүн чечкен дүйнөдөгү биринчи өлкө болгон. Советтик же чет элдик паспортторунун мөөнөтү өтүп кеткен, же болбосо такыр эле документтери жок 13 миңден ашуун атуулдар жарандык алууга жетишкен болчу. Деген менен, бул атуулдар негизги укуктарга ээ болбой, кыйынчылыкта калышкан болсо, БУУнун Качкындар иштери боюнча комиссарынын башкармалыгы Кыргыз Өкмөтү менен биргеликте 2024-жылга карата жарансыздыктын көйгөйлөрүн биротоло чечүүгө багытталган глобалдык өнөктүктүн алкагында бул маанилүү маселенин үстүнөн ийгиликтүү аракет жасашты.
Булак: https://news.un.org