2025-жылдын 9-10-сентябрь күндөрү Аксы РИИБдин КИБдин кызматкерлери тарабынан, райондун аймагында белгисиз эки жаран баңгизатын сатып жүргөндүгү боюнча атайын маалымат аныктаган.
Аталган маалымат Аксы РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Козголгон кылмыш ишине шектүү катарында Кара-Көл шаарынын 1982-жылы туулган У.Д. жана Аксы районунун 1983-жылы туулган У.Т. аттуу тургундары жалпы салмагы 3 килограмм 400 грамм өлчөмдө баңгизаты менен кармалып, камакка алынган.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.