Жалал-Абадда түнкүсүн көчөдө жүргөн ондогон баланын ата-энесине айып пулдар салынды

Мындай маалыматты Жалал-Абад шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Алина Абубакир кызы билдирди. Анын айтымында 22-июлдан тарта калаада “Өспүрүм түн” аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүлүүдө.
« Жашы жете электер арасында укук бузууларды, кылмыштуулукту алдын алуу максатында Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмү менен биргеликте 22-июлдан тартып, ар аптанын ишемби жана жума күндөрү “Өспүрүм түн” аталышындагы иш-чарасы өткөрүлүүдө. Анда шаардагы кафелер, эс алуу борборлору, көчөлөрдө, компютер клубдарда жана калаадагы стеллада кыдыруу иштерин алып баруудабыз. Рейддин биринчи күнүндө түнкүсүн көчөдө жүргөн 30 бала аныкталып, анын 27сине чара көрүлүп, ата-энелерине айып пулдар салынды. Экинчи рейддин иш чара 29-июлда уюштурулган, анда бей чеки жүргөн 32 бала аныкталып, анын ичинен 18 баланын ата-энеси чакыртылып, админстративдик протоколдор толтурулуп, ар бирине 1000 сомдон айып пулдар салынды. Ага удаа эле аларга балдарды контролдоо боюнча түшүндүрүү иштери алынып барылды»,-деди А. Абубакир кызы.
Мындан сырткары ал жай мезгилинде жашы жете элек балдар түнкү саат 23:00дөн таңкы 6:00гө чейин көчөдө жүрбөшү керек экенин кошумчалады.