Тогуз-Тородо ден-соолугунан майыптыгы бар балдар үчүн реаблитациялык борбордун курулушу башталды
Бул тууралуу Тогуз-Торо райондук мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалым болгондой, курулуш демөөрчүлөрдүн колдоосу менен ишке ашып жатат.
«Буга чейин райондо реаблитациялык борбор болбогондуктан аярлуу катмардагы балдардын ата-энелери уюшуп, айыл өкмөттүн балансындагы имаратты алышкан. Мындагылар бир бөлмөнү оңдоп, балдарга көнүгүүлөрдү жасатып, адистер менен иш алып барышчу. Имаратка болгон муктаждыктын айынан ата-энелер район акими Манас Мураталиевге кайрылып демилге ишке ашып жатат. Курулуштун сметалык баасы 14 млн 220 миң сомду түзөт. Ал демөөрчүлөрдүн, тагырагы райондогу колунда бар кишилерге, ишкерлерге жана чет өлкөдө, өлкөнүн булуң-бурчунда иштеп, жашап жаткан тогуз-торолуктарга кайрылып, каражат чогултуу колго алынган. Курулушу жүрүп жаткан “Аракет” реабилитациялык борборунун курулуш иши аягына чыкса, аярлуу катмардагы балдар үчун зарыл болгон шаймандарды, эмеректерди сатып алууга марафон уюштуруу пландалууда»,-деп айтылат мекеме тараткан маалыматта.
Белгилей кетсек, Тогуз-Торо районунда ден соолугунан майыптыгы бар катары 248 бала каттоого алынган.
"Акыйкат"