АКСЫ ОКУЯСЫ ЭСКЕРИЛДИ

Каргашалуу Аксы окуясына 24 жыл болуп олтурат. Ага карата Аксы районундагы Боспиек айлынын тушундагы "Шейит мазарда " Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Аксы районунун акими Максатбек Саргазаков, окуяда каза болгондордун жакындары жана башкалардын катышуусунда Аксы окуясынын курмандыктары эскерилди. Гүл чамбарлар коюлуп, куран окулду. Облус башчы Тилек Текебаев Мамлекет башчынын жана жеке өзүнүн атынан каза болгондордун жакындарына көңүл айтты. “Аксы окуясы өлкөнүн демократиялык өнүгүү жолунда адилетсиздикке каршы жалпы элдик көтөрүлүштүн башаты катары бааланат. Элдик толкундоо - авторитардык режимге жана келечекке кайдыгер карабаган аксылыктардын чыныгы каармандыгына токтолуп, мамлекетке тынчтык жана гүлдөп, өнүгүү каалайм” – деп кошумчалады Т.Текебаев.
Эскерүү иш чарасында сөз сүйлөгөн Аксы окуясынын катышуучусу Анаралы Назарбеков Аксы окуясынан жабыр тарткандарга жакшы көңүл бурулбай жаткандыгын белгилеп, жок дегенде акысыз медициналык тейлөө жагы колго алынса деген сунушун айтты. Бул жүйөөлүү сунуш деп иш чаранын башка катышуучулары да белгилешти. “Себеби, арадан жыйырма жылдан ашуун убакыт өтсө да Аксы окуясында денесине жараат алгандардын жарааты айыга элек, алар медициналык жардамга муктаж болуп келишет” – деген пикирлерин билдиришти.
Белгилей кетсек, 2002-жылдын 16-17-март күндөрү орун алган Аксыдагы коогалаңда 6 киши окко учуп, 20дан ашыгы ар кандай жаракат алышкан.
Абдымомун Калбаев
"Акыйкат "