Сузакта мектеп окуучулары элдик китеп кана түптөштү

Сузакта мектеп окуучулары элдик китеп кана түптөштү

 Мындай маалыматты саамалыктын уюштуруучусу, мугалим Зиягүл Манапова билдирди. Анын айтымында иш чара райондун Кыз-Көл айыл аймагына караган Ак-Тоок айылында болгон. Анда уюштуруучулар мектеп китеп канасынын фондуна 600дөн ашуу адабий окуу китептерин тапшырышкан

«Айылдагы №12 Шабданбай Абдраманов атындагы мектептин 11-классынын окуучурынын сунушу менен айылда «бир адамдан бир китеп» долбоорун ишке ашырдык. Анда 6 окуучу ыктярдуу түрдө айылды кыдырып, андагы жашоочуларды үйдөгү китептерден мектепке тапшырууга үндөштү. Биздин бул жасап жаткан жумушубудан кабар тапкан чет жерде иштеген мигранттар өздөрүнүн фондунан 70 миң рубль акча каражатын бөлүп беришти. Ал акчага Саякбай Каралаевдин вариянтындагы «Манас» эпосунун 4 томдук китебин, «Кыргыздар» деп аталган 40 томдук китепти жана Ч. Айтматовдун чыгармаларынын томдуктарын сатып алууга жетиштик. Акциянын алкагында 600дөн ашуун китеп чогулду, анын баарын мектептеги китепканага тапшырдык»,-дейт уюштуруучу З. Манапова.

Сөз болуп жаткан №12 Шабданбай Абдраманов атындагы мектепте 400дөн ашык окуучу бар. Аларга 30 мугалим билим берип келет.

"Акыйкат"