Сузакта мал уурулук менен алектенген 19 жана 18 жаштагы балдар кармалды

Сузакта мал уурулук менен алектенген 19 жана 18 жаштагы балдар кармалды

Ушул жылдын 25-январь күнү Сузак РИИБне, Кызыл-Туу айыл аймагынын 1958-ж.т. М.А. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда 2025-жылдын 16-январдан 17-январга караган түнү саат 02:00дөн 04:00гө чейинки аралыкта үйүнүн короосунан эки баш койун белгисиз жарандар уурдап кетти - деп билдирген.
Натыйжада жабырлануучу 45 000 (кырк беш миң) сомдук чыгымга учураган.
Аталган маалымат Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынын кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-1-беренеси (Мал уурдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

«Козголгон кылмыш ишинин алкагында ОИИБдин жана Сузак РИИБдин КИБдин кызматкерлеринин ыкчам иш аракеттеринин натыйжасында, кылмышка шектүү катары Сузак районунун үч тургуну шектүү катары кармалып, Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө, шектүүлөр Сузак районунун 2007-ж.т. М.А., О.У., жана 2006-ж.т. И.Б. экендиги, аталган жарандар мындан башка дагы он мал уурулук жасагандыктары аныкталган»,-деп айтылат облустук милиция берген маалыматта.

2025-жылдын 13-февраль күнү Сузак райондук соту тарабынан шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы тандалып алынып эки айга камакка алынган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.