Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызматы:

Шашылыш билдирүү
2025-жылдын 7-мартынан 10-мартына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138 чак. (Төө-Ашуу ашуусу), 198-260 чак. (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Суусамыр-Талас-Тараз автоунаа жолунун 1-14 чак. (Өтмөк ашуусу), Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-101 чак. (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 0-4 чак., Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 60-110 чак., Ош-Сары-Таш-Эркештам автоунаа жолунун 160-179 чак. (Талдык ашуусу), Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык автоунаа жолунун 98-145 чакырымдарында (Кара-Кыя, Кулчу, Батман-Көл, Алыш-Сай тилкелери), Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 45-50, 74-90 чак. (Чон-Ашуу ашуусу), Барскоон-Ак-Шыйрак автоунаа жолунун 52-68 чакырымдарында (Сөөк ашуусу) кар көчкү түшүүcү, кар күрткүсү жана көчкү куйулмалары пайда болушу күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл – деп айтылат Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызматынын бидирүүсүндө