Манас шаарындагы тургун өзү унаада отуруп, итин тротуарда сейилдеткен
Жалал-Абад облусунун Манас шаарында унаа менен итин
сейилдеткен жаранга 15 миң сом айып пул салынды.
Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн
маалыматы боюнча, аталган жаран жөө адамдар басчу жолдо итин бастырып, өзү
унаада отуруп алып жөө жүргүнчүлөргө жана айдоочуларга да тоскоолдук
жараткан.
«24-март күнү эртең менен калаанын Мурзакул Болуш көчөсүндө өзү унаада
отуруп итин сейилдетип жүргөн жаранды башка тургундар видеого тартып алган.
Ошол эле күнү биздин кызматкерлер жаранды таап, ага карата Укук бузуулар
кодексинин 189-беренеси менен административдик протокол толтуруп, 15 миң
сом айып пул салган», - деп айтылат маалыматта.
1. Автоээнбаштык, башкача айтканда, транспорт каражатынын айдоочусунун
коомду урматтабаганын ачык эле билдирген, жол кыймылынын эрежелерин
жана транспорт каражатын пайдаланууну бузуу менен коштолгон
(автомобиль жарышы, белгиленбеген жерлерде ар кандай турдегу
керсетмелуу айдоо ж.б.) коомдук тартипти жана жарандардын тынчтыгын
ачыктан-ачык бузган атайын аракети жеке жактарга: 15 000 сом айып пул
салууга алып келет.