Токтогулда 14 тургунду 2 млн сомдон ашуун акчага алдап кеткен 24 жаштагы келин кармалды

Токтогулда 14 тургунду 2 млн сомдон ашуун акчага алдап кеткен 24 жаштагы келин кармалды

Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди. Маалым болгондой, 20-ноябрь күнү Токтогул РИИБне, райондун 14 тургуну арыз менен кайрылган.

Белгилүү болгондой, ушул жылдын 15-август күнү Токтогул шаарынын убактылуу жашоочусу А.Т. аттуу келин жашоочулардын ишенимине кирип, аларды ар кайсыл банктан насыя алдыртып, алган суммасынын «10%ын мен банктан проценттин кыскартып беремин» деп алдап кеткен. Анда жарандар жалпы суммасы 2млн 169миң 200 сомдук чыгым тартышкан.
«Аталган факты Токтогул РИИБдин тергөө кызматы тарабынан, кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
2024-жылдын 21-ноябрь күнү Токтогул РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам иш аракеттеринин негизинде, 2000-жылы туулган Ноокен районунун тургуну А.Т. аттуу келин Бишкек шаарынан кармалып, Токтогул РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Ал эми 2024-жылдын 22-ноябрь күнү Токтогул райондук соту тарабынан бөгөт коюу чарасы тандалып алынып, камакка алынган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат»,-
деп айтылат мекеме тараткан маалыматта.
"Акыйкат"