Өрттөн сак бололу

  Өрттөн сак бололу

Көпчүлүк өрт турак үйлөрдө болот. Адамдардын отко шалаакы жана камырабастык менен мамиле кылуусу көп учурда өрттүн чыгышына себеп болуп калат. Туш келди ташталган тамеки калдыгы, түйүндөргө сайылган боюнча унутта калган электр шаймандары, кароосуз калтырылган балдар, бузулган мештерди колдонуудан орду толгус кырсыктар болуп өтөт. Өрттүн кесепетинен үйлөр, үй мүлктөрү, мал жандыктар күйүп, айрым учурларда адамдар каза болот.2025-жылдын 27-январь күнү Жалал-Абад шаары М.Сыдыков көчөсүндөгү №14 дарегинде жайгашкан турак үйдө өрт кырсыгы катталып, ал турак үйдүн жылытуу үчүн от жагуучу меш жайгашкан бөлмөсүнөн чыгып, натыйжада турак үйдүн төрт бөлмөдөн турган ички бөлмөсү жана чатырчасы жабыркаган.

Кантип өрттү алдын алууга болот:

Бул үчүн өлкөбүздүн ар бир жараны өрт коопсуздугунун жөнөкөй жана аткарууга мүмкүн болгон эрежелерин так сактоо керек. Өрт кырсыгын алдын алуу өчүргөндөн оной.

Өрттүн чыгуу себептери:

- турак үйлөргө жана имараттарга жакын таштандыларды күйгүзүү;

- отко этиятсыздык мамиле кылуу;

- балдардын от  менен ойноосу;

- чагылгандын оттору;

- майланган материалдардын өзүнөн-өзү күйүүсү;

- авто транспорттун иштелип чыккан газынын учкундары;

- айнек менен күндүн нурунун фокусталуусу (күчөтүлүүсү) 

натыйжасынан;

Ар дайым эсиҢизде болсун:

  • Балдарды кароосуз калтырбаныз;
  • Ширенкелерди балдардан катып салыныз;
  • Күйүп турган ширеҢке, тамеки калдыктарын таштап салбаныз;
  • Тиричиликке керектүү электр шаймандарын, радио-теле аппаратураларын, газ плиталарын иштеген бойдон калтырбаныз;
  • Электр жылыткыч шаймандарын күйүп кетүүчү буюмдарга жакын орнотпоҢуз;
  • Имараттарга (курулуштарга) жакын от жакпагыла, өрт кооптуулугу күчөгөн маалда калдыктарды өрттөбөҢүз;
  • Ачык күйгөн от менен жылытпаҢыз;
  • Күйүп турган газ плитасынын үстүнө кургатууга кир жайбаҢыз;
  • Бузук электр гриляндалары менен балатыны кооздобонуз;
  • Чатырларда, жер төлөлөрдө жана тепкич менен аянтчаларда күйүүчү материалдарды сактабагыла;
  • Газ шаймандарын (плиталарын, суу жылытуучу колонкаларды) түнкүгө же үйдөн кеткен учурда күйгөн боюнча калтырбаҢыз;
  • Жашы жете элек балдардын газ жана электр шаймандарын колдонуусуна жол бербеҢиз;
  • Өрт кооптулугу бар суюктуктар жана заттар менен иштөө учурунда этият болуҢуз.

Өрт учурундагы аракеттер:

Өрт учурунда зарыл түрдө:

  • Өрт жөнүндө үн чыгаруучу сигналдар менен кабарлоо;
  • 101 телефону боюнча кабарлоо;
  • Адамдарды эвакуациялоо, жардам көрсөтүү;
  • Колдо бар каражаттар менен өрттү өчүрүүгө киришүү;
  • Материалдык баалуулуктарды жана жаныбарларды эвакуация кылуу.

Өрттү өчүрүүнүн ыкмалары:

  • Жалындап күйүп жаткан керосинка, керогаздарды жууркан-төшөк менен же кийим менен жаап салуу.
  • Жерге төгүлүп күйүп жаткан суюктуктарды кум же топурак менен;
  • Күйүп жаткан эмеректерди жана буюмдарды суу төгүү менен.

Өрт пайда болгон учурда токтоосуз түрдө өрткө каршы кызматын чакырып, өрттөнүп жаткан үйдөн адамдарды эвакуациялап, колдо бар каражаттар менен өрттү өчүрүүгө киришүү керек.

         Бул нускоодо баяндалган өрт коопсуздугунун эрежелерин так сактоо, Сиздин турак жайыҢызды жана мүлкүҢүздү өрттөнүүдөн сактайт.

 

Эскерте кетебиз, шаардык өрткө каршы кызматынын телефону «101» же “112” 

Жалал-Абад шаары боюнча Өзгөчө кырдалдар бөлүмүнүн

өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмчөсүнүн  башчысы,

  майор                      Айбек Иманов