101 эскертет

   101 эскертет

Жаз мезгили жыл мезгилдеринин арасынан өрттүн чыгуусуна көп ыңгайлуу шарттар түзүлүүчү мезгил болуп саналат. Ошол себептен , КР ӨКМнин Жалал-Абад шары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү эскертет: шаар аймагындагы болуп жаткан өрт кырсыктарынын болуусунун негизги себептери электрдик жабдуулардан, отко болгон этиятсыздык мамиледен, электрдик үй тиричилик буюмдарын колдонууда өрт коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан, тамеки чегүүдөгү этиятсыздыктан, таштандыларды баш аламан өрт коопсуздугу сакталбай күйгүзүп жок кылуу аракетинен жана башка  сактоого боло турган эң жөнөкөй өрт коопсуздук эрежелерин сактабагандыгыбыздан болуп жаткандыгын билдирет.

Өмүрүбүзгө, ден-соолугубузга зыян келтирүүдөн жана өмүр бою жыйнап келген үй жай, мал мүлкүбүздү бир заматта күлгө айландырган өрт кырсыгынан оолак болушуңузду суранабыз.

Үй тиричилигине колдонгон газ ,электр мечтерди пайдаланууда кароосуз таштабаңыздар. Короо сарайларды, айлана тегеректи,үлүш жерлерди тазалоо иштерди жүргүзгөн учурда чогулган таштандыларды өрттөп жок кылууда өрт кырсыгынын чыгышынан абайлаңыздар. Бак дарактардын чириген жалбырактары, жана короодогу ачык аймактагы кургак чөп, аз гана чоктон күйүп кетүү жөндөмүнө ээ. Ошондуктан өрт кырсыгынан алыс бололу.

-Таштандыларды иммараттардан, турак үйлөрдөн 50 метр аралыкта өрттөп, дайыма көзөмөлдөңүз.

Күйүүчү материалдарды, тоютка жыйылган чөптөрдү (отун, чөп, таштанды) имараттан, очок, тандырдан алыс сактаныз.

Ачык электр зымдарын тез арада оң абалга келтирүү;

Ачык электр зымдарын күйүүчү материалдардын үстүнөн өткөрүп тартпоо;

Үй тиричилигине пайдалануучу газ, электр, мечтерди сайылуу абалда көзөмөлсүз калтырбоо;

Үйдүн чатырына күйүүчү материалдарды сактабоо;

Жаш балдардын от менен ойноосуна жол бербөө;

Ар бир ата- эне күн сайын жаш балдарыбызга ширенке жана башка күйүүчү зат менен ойноочу оюнчук эмес экендигин эскертип түшүндүрүп туруусу зарыл;

Тартылган тамекинин калдыгын атайын урнага таштоо;

Өрт кырсыгына каршы ар бир үйдө 200 литрден кем эмес идиште суу кармоо зарыл. 

Жалал-Абад шары боюнча ӨКБнүн ӨӨжААБнүн башчысы,

майор             Айбек Иманов