Сары-Челек айылынын тургуну карышкырды тирүү кармады

Сары-Челек айылынын тургуну карышкырды тирүү кармады

Аксы районундагы Сары-Челек айыл аймагынын Итагар айылынын тургуну Булутбек Чынасылов март айынын башында айыл элинин тынчын алып келген карышкырды тирүү кармады.Бул карышкыр жай тургундардын ондон ашык малын чыгымга учуратып, тынчтык бербей жаткан. Ал мергенчи болгондуктан жыл сайын элдин да өзүнүн да мал жандыктарын көзөмөлгө алып, ит куштан асырап келет. Булутбек   өткөн жылы да 4 карышкыр кармап элдин мал жандыгын сактап калган.Эскерте кетсек анын атасы Курбан ава да 100гө жакын карышкыр кармаган мергенчи болгон.

Абдымомун Калбаев,“Акыйкат”