Исабек Токтогулов: Токтогул кабарлары

Берет дайым жарашык
Күлкүсүндөй энелердин элжиреп,
Алкагыңан нур чача бер желбиреп.
Бүгүн сенин улуу күнүң куттуктап,
Кубанышты кыргыз эли белгилеп.
Түндүгүңдөн алтын нурлар төгүлүп,
Көп туулардан жаркырайсың бөлүнүп,
Алоосу күч жалбырттаган отуңан,
Эркиндиктин эрки турат көрүнүп.
Элибизге эркиндиктин таңы атып,
Турган кезде берет дайым жарашык.
Эгемендүү эл катары кыргызды,
Дүйнө элине тааныта бер жарашып.
Ооба, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу 1992-жылы 3-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Башка райондор сыяктуу эле Токтогул районунда да мамлекеттик туунун 33 жылдыгы салтанаттуу белгиленди. Бул иш-чара жөө жүрүш менен башталып, салтанатка райондогу мекеме, ишканалардын жетекчилери, эмгек жамааттары катышышты.
Бул салтанат Токтогул шаарынын борбордук аянтында улантылды. Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев куттуктап сөз сүйлөдү. Бай тарыхы бар Кыргыз мамлекетибиз тууну өзгөчө баалап келгендигин, улуттук сыймыгыбыз жана символубуз катарында ар бир Кыргызстандын жараны Ата-Мекенге болгон сүйүүсүн жана жоопкерчилигин ойготоорун белгиледи. Салтанаттын катышуучуларына райондук маданият бөлүмү тарабынан концерт тартууланды.