“№ 28 «Алтын уя» балдар бакчасынын жетекчиси З. Мамутованын кайрылуусун кароо жөнүндө”

Бүргөндү айылдык кеңешинин

XXVIII чакырылышынын  кезексиз XXVI  сессиясы

 

Жаңы-Арык айылы                  18 ТОКТОМУ                     7-февраль  2024-жыл 

“№ 28 «Алтын уя» балдар бакчасынын жетекчиси З. Мамутованын кайрылуусун кароо жөнүндө”

 № 28 «Алтын уя» балдар бакчасынын 2024-жылдын жериликтүү бюджетинин эсебинен бала бакчага кровать жана отургучтар менен камсыз кылуу жөнүндө бала бакчанын жетекчиси З. Мамутованын кайрылуусун угуп жана талкуулап  Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезексиз  XXVI  сессиясы 

Т О К Т О М    К Ы Л А Т: 

  1. Жаңы-Арык айылындагы № 28 “Алтын уя” балдар бакчасынын жетекчиси З. Мамутованын кайрылуусу эске алынсын. 
  1. № 28 балдар бакчасынын зарыл болгон кровать жана отургучтар менен камсыз кылуу үчүн керектелген акча каражаты жергиликтүү бюджеттен каралсын. 
  1. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жана бөлүнгөн акча каражатын натыйжалуу пайдаланууну көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловго милдеттендирилсин.

 Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын. 

  1. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Финансы, бюджет экономика, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө. Калмуратовко милдеттендирилсин.

 Бүргөндү айылдык

кеңешинин төрагасы:                                      А. Кубатбеков