1-марттан баштап орозо айы башталат
Быйылкы орозо айы 1-мартта башталат. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы таратты. Буга байланыштуу 28-февралда өлкө аймагындагы бардык мечиттерде таравих намазы окулат.