Чаткалда эки күн мурда кар басып калганы айтылган алты адам издөөгө 20 куткаруучу тартылды

Бул тууралуу ӨКМдин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынан билдирди. Маалым болгондой, дайынсыз болгондорду издөө иштерин Өзгөчө кырдаал министри, генерал-майор Бообек Ажикеев өз көзөмөлүнө алган.
« Бүгүн 17-октябрда алдын ала маалымат боюнча кар көчкүдө калган 6 жаранды издөөгө ӨКМДин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары, подполковник Т.Мурашовдун жетекчилигинде Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 1, Чаткал райондук өзгөчө кырдаал бөлүмүнөн 1 куткаруу тобу тартылды. Жалпысынан 20 куткаруучу чыгууда»,-деп айтылат мекеме тараткан маалыматта.
Белгилей кетсек, алдын ала маалымат боюнча 9-октябрь күнү Каныш-Кыя айылынын 13 тургуну, 1 кытайлык жаран тоого өсүмдүк тамырын тергени чыгышып, байланышка чыкпай дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 16-октябрь күнү ӨКМге билдирүү түшкөн.
Чаткал райондук Өзөчө кырдаалдар бөлүмү жергиликтүү тургундар менен биргеликте издөө иштеринин натыйжасында 16-октябрь күнү дайынсыз болгон 2 жаран Коргон-Сай айылына жакын жерден, 6 жаран Кум-Бел ашуусунан ашкан жерден аман-эсен табылган.
Табылган жарандардын билдирүүсүндө,14-октябрь күнү болжол менен саат 18:00 чамасында калган 6 жаранды Ак-Сай ашуусунда кар көчкү басып калган.
"Акыйкат"