Манас: чатырында фейерверк жардырган "Тойотанын" айдоочусуна 5500 сом айып салын

Манас: чатырында фейерверк жардырган "Тойотанын" айдоочусуна 5500 сом айып салын

Манаста "Тойотанын" чатырында фейерверк жардырган айдоочуга 5500 сом айып салынып, унаасы айып короо жайына киргизилди. Окуя 3-январь күнү кечинде калаанын  “Азаттык” аянтында болгонун окуянын күбөлөрү билдирди. Алардын айтымында  автоээнбаштык кылган айдоочуга ошол замат чара көрүлгөн. 
"айдоочу борбордук аянтынын кирүүгө тыюу салынган бөлүгүнө автоунаасы менен кирип, унаанын чатырында фейерверк жардыруу аркылуу балатынын айланасында эс алып жүргөн башка жарандарга кооптуулук жараткан",-деди күбөлөр.
Ошол замат коомдук тартипти бузган айдоочуга карата шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тарабынан мыйзам чегинде чара көрүлдү.
 Тагыраагы,  айдоочуга 5 500 сом өлчөмүндө айып пул салынып, автоунаасы айып короого киргизилген.