Жалал-Абадда балдардын массалык мушташы орун алды, бирок эч ким арыз жазган эмес

Окуя 18-июнь күнү түнкүсүн орун алган. Облустук милиция маалыматты ырастап тактоо иштери жүрүп жатканын маалымдады.
«Ушул жылдын 18-июнь күнү түнкү саат 03:55тер чамасында Жалал-Абад ШИИБдин 102 номерине жергиликтүү тургун байланышкан. Анда калаанын Барпы-сейил көчөсүндө жайгашкан “Келечек” курулуш маркетинин жанында топ балдар урушуп жатканын айткан.
Аталган маалымат боюнча Жалал-Абад ШИИБдин ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барган кезде, белгисиз балдар таркап кетип эч ким жок экендиги аныкталган.
Окуя боюнча арыз түшкөн эмес»,-деп айтылат мекеме тараткан маалыматта.
Социалдык тармактын айрым колдонуучулары калаадагы эки кичи шаарчанын балдары топ болуп мушташканын, алардын арасында жашы жете элек балдар да бар экенин жазып жатышат.