Ноокенде жарылуу болгон бала бакчанын имаратын бузуу иштери башталды

Ноокенде жарылуу болгон бала бакчанын имаратын бузуу иштери башталды

Ноокен районуна караштуу Кызыл-Туу айылындагы суу жылыткычы жарылган бала бакчанын имаратынын бир
бөлүгүндө демонтаждоо жумуштары жүрүп жатат. Мындай маалыматты БүргөндүДостук айыл аймагынын башчысы Болот Календеров билдирди.
Анын айтымында, кыйраган имаратты 1 айда калыбына келтирүү аракети көрүлүп
жатат.
«Бүгүн эртең менен район акими келип жарылуудан кийинки имараттын абалы
менен таанышып, тез аранын ичинде калыбына келтирүүнү тапшырды. Имарат
1986-жылы курулуп пайдаланууга берилгендиктен жарылуу болгон корпусту
дээрдик авариялык абалга алып келген. Учурда имаратты демантаждоо боюнча
куруучулар келип, жаңы имараттын сметасын чыгарып берди. Адистер анын
баасын 14 млн 400 миң сом деп баалады», - деди ал.
Кызыл-Туу айылындагы «Бакыт» балдар бакчасында суу жылытуучу 80 литрлик
бойлер жарылган. Анын кесепетинен имараттын 195 чарчы метр аянты тагырагы
11 бөлмө жарактан чыгып, авариялык абалга келген. Бул мекемеде 130 бала
тарбияланып, 21 кызматкер эмгектенет.