Бүгүн, 15-май күнү, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Сузак районунун Барпы айыл аймагынын жергиликтүү тургундары менен жолугушту.
Жолугушууга Жалал-Абад облустук жана Сузак райондук мекеме-ишканаларынын жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл аймактын тургундары катышып, жалпы катышуучулардын саны 280 адамды түздү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тургундар тарабынан жол инфраструктурасы, таза суу, сугат суу, жайыт маселеси, турак жай, жер тилкелери, бала бакча жана мектептердин абалы, сел кооптуулугу бар аймактарды тазалоо, ирригация жана жеке укуктук маселелер көтөрүлдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө 38 жаран тарабынан жалпысынан 72 маселе көтөрүлдү. Облус башчысы Тилек Текебаев ар бир айтылган көйгөй көз жаздымда калбай, мыйзамдын негизинде кылдат каралып, тиешелүү мекемелер тарабынан натыйжалуу чечимдер кабыл алынышы керектигин эскертти.