Манаста энелерге арналган майрамдык салтанат уюштурулду

Манаста энелерге арналган майрамдык салтанат уюштурулду
Барпы атындагы драма театрында Энелер күнүнө арналган майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Ага мэр Абдупата Маткаликов, шаардык кеңештин төрагасы Аскат Талант уулу, баатыр энелер, шаардагы мекеме-ишканаларда эмгектенген айымдар жана шаар тургундары катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө шаар мэри Абдупата Маткаликов энелерди майрамы менен куттуктап, алардын үй-бүлө жана коомдогу орду өзгөчө экендигин белгиледи. Ошондой эле, эненин мээрими, тарбиясы жана ак эмгеги ар бир адамдын жашоосунда чоң мааниге ээ экенин айтып, бардык энелерге бекем ден соолук, узун өмүр жана үй-бүлөлүк бакыт каалады.
Майрамдык иш-чаранын алкагында энелерге арналган концерттик программа тартууланып, келген конокторго жагымдуу маанай жана майрамдык шаң тартууланды.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда Энелер күнү жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленет. Учурда Манас шаарында 250дөн ашуун “Баатыр эне” жана 50 “Эне даңкы” медалынын ээси бар.