Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы маалымдайт: Өмүрлөр кыйылууда, эрежелерди сактайлы.

Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы маалымдайт:      Өмүрлөр кыйылууда, эрежелерди сактайлы.

2024-жылдын 17-январь күнү кечиндеси Жалал-Абад шаарынын Дача-Бахар айылында турак үйдө мечти туура эмес пайдалануусунан улам өрт катталып, өрттөн үй ээси денесинен күйүк алган.

Куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар өрттөнүп жаткан турак үйдөн үй ээсин чыгарып калганга үлгүрүшкөн.  Денесинин 50%ы жабыркап, жарат алган жаран медициналык тез жардам тарабынан областтык ооруканага жеткирилип, дарыгерлердин көрсөткөн жардамына карабастан 18-январга караган түнү каза болгон.

            Жогорудагы окуя жыл башынан берки өрттөн каза болгондордун биринчи фактысы болсо, өткөн 2023-жыл ичинде облус аймагында өрттөрдүн кесепетинен 8 жаран каза болуп, жетөөсү  күйүк алган.

            Урматтуу жарандар! Жалпы катталган өрт кырсыгынын көпчүлүгү турак-жайларда катталып, каза болгон жарандар турак-жайда катталган өттөрдөн улам каза болгонун эске алып, күнүмдүк турмушта, от жагуу, электр менен жылытууда өрт  коопсуздук эрежелерин сактоону эскертебиз.

            Өрт коопсуздук эрежелерин сактап, өзүңүздүн жана  жакындарыңыздын өмүрүн  сактап калыңыз. 

            КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Абдулнасир Закиров