Жалал-Абадда “Адептүү коом — жаркын келечек” аттуу иш-чара өттү

Жалал-Абадда “Адептүү коом — жаркын келечек” аттуу иш-чара өттү
 Манас шаарындагы Курманбек стадионунда дин өкүлү Эрмек Тынай уулунун катышуусунда “Адептүү коом — жаркын келечек” аттуу агартуу жана тарбиялык багыттагы иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев катышты.
Жолугушуунун негизги максаты, коомдогу адеп-ахлактык баалуулуктарды бекемдөө, жаштарды мекенчилдикке жана билимге үндөө, ошондой эле руханий өнүгүүгө багыт берүү болуп саналат.
Өз сөзүндө облус башчысы Тилек Текебаев ыйман, маданият жана тарбия коомдун өнүгүүсүндөгү эң башкы баалуулуктар экенин белгилеп, өзгөчө жаш муунга туура тарбия берүү бүгүнкү күндүн маанилүү милдеттеринин бири экенин кошумчалады.