Облус башчысы Тилек Текебаев спортчуларды ийгиликтери менен куттуктады

Облус башчысы Тилек Текебаев спортчуларды ийгиликтери менен куттуктады
 Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев спортчуларды жана машыктыруучуларды эл аралык мелдештердеги жетишкен ийгиликтери менен куттуктады.
Ушул жылдын 12–14-апрель күндөрү Бишкек шаарында өткөн алыш бел боо күрөшү боюнча Азия чемпионатында Манас шаарындагы Исхак Раззаков атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин окуучулары I жана II орундарды ээлешкен.
Мындан сырткары, 2026-жылдын 24–26-апрель күндөрү Стамбул шаарында өткөн каратэ боюнча дүйнө чемпионатында Манас шаарындагы балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин жана Дүйшө Балбан атындагы №4 балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучулары алтын, күмүш жана коло медалдарды жеңип алышкан.
Облус башчысы өз сөзүндө спорт жаштарды тартипке, мекенчилдикке жана жеңишке үндөгөн чоң күч экенин белгилеп, спортчулардын жетишкендиктери мамлекеттин жана аймактын аброюн көтөрөрүн айтты.
Ошондой эле машыктыруучулардын эмгегине өзгөчө токтолуп, жаш спортчулардын ийгиликтеринде алардын талыкпаган эмгеги жана кесипкөйлүгү чоң роль ойной турганын белгиледи.
Жолугушуунун соңунда жаш спортчуларга чың ден соолук, күч-кубат жана алдыдагы мелдештердеги жаңы жеңиштерди каалады.