Бүгүн, 17-сентябрда Жалал-Абад шаарынын “Азаттык” аянтында кармаш уруш боюнча Дүйнө чемпиондору сыйланды.
Салтанаттуу сыйлоо иш-чарасына Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Урмат Самаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Болотов, Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Марлис Асанов жана өздүк курам катышты.
Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы ийгилик жараткан спортчуларды куттуктап, кыргызды дүйнөгө спорт менен таанытышына тилектеш экендигин билдирди.
Эскерте кетсек, 12-14-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында кармаш уруш боюнча Дүйнө кубогу уюштурулуп, 12 өлкөдөн спортчулар катышкан. Анда КРнын ИИМдин АБПнын Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын атайын операциялар отрядынын кызматкерлери - Толкунбек Эшимбетов 1-орунду ээлеп, алтын медаль, Искак Абдижалил уулу коло медаль тагынган.