Сузактын Жыгач-Коргон айылында жаштардын демилгеси жана мамлекеттик бюджеттин каржылоосунда заманбап спорт комплекси курулду
Мындай маалыматты саамалыктын уюштуруучусу Эрнест Жолборсов билдирди. Анын айтымында буга чейин айылда спорт зал болгон эмес.
«Биздин айыл айыл өкмөттүн борборунан алыс аралыкта жайгашкандыктан, буга чейин спорт комплекс болгон эмес. Мындан улам айыл жаштары, чет өлкөдө иштеген мигранттар каражат топтоп спорт залдын долбоорун 2022-жылы даярдап баштаганбыз. Алгач курулуш үчүн айыл өкмөт жер тилкесин бөлүп берди, бардык уруксат кагаздар жана долбоор үчүн жаштар чогулткан акчадан 800 миң сом акча жумшадык. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү биздин аракетибизди колдоп 32 млн сомдук курулушту капиталдык курулуш башкармалыгына сунуштап, ал республикалык бюджеттен колдоо тапты. Спорт комплекстин курулуш иши өткөн 2023-жылдын август айында башталган. Бардык стандарттарга жооп берген, санузел, машыгуу залдары, тренердик бөлмөсү бар заманбап залдын курулушу быйыл ноябрда толук бүтүп пайдаланууга берилди»,-дейт жергиликтүү тургун Э. Жолборсов.
Кошумчалай кетсек, Багыш айыл өкмөтүнө караган Жыгач-Коргон айылында 3200дөн ашык калк жашайт.
"Акыйкат"