Жалал-Абадда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү өттү

Жалал-Абадда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү өттү

 Калаадагы Б. Алыкулов атындагы драм-театрынын алдында өткөрүлгөн иш чарага Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучусу Уларбек Исмаилов жана мекеме-ишканалардын жетекчилери, студенттер катышты. Эскерүү самалыгы алгач Токтогул Сатылгановдун эстелигине гүл коюу менен башталып, кийин 1916-жылдагы улуу үркүндө каза болгондордун жана 1932-жылдары репресияга кабылган кыргыз интелегенциясынын өкүлдөрүнө арналып куран окулду.

Эске салсак, 7-8-ноябрь - Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү деп 2017-жылдан бери календарда кызыл түс менен белгиленип келет.

"Акыйкат"