Жалал-Абадда бир нече негизги көчөнүн багыты бир тараптуу болуп өзгөртүлдү

Жалал-Абадда бир нече негизги көчөнүн багыты бир тараптуу болуп өзгөртүлдү

Мындай маалыматты шаардык мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, мындай чечим калаада унаалардын тыгындарынын алдын алуу максатында кабыл алынган.

Белгилүү болгондой, шаардагы Кыргыз Республикасы көчөсү толугу менен ал эми Мамыр Баатыр көчөсүнүн Б.Осмонов жана Д.Малашев көчөлөрү менен кесилишкен аралыгы бир тараптуу болуп өзгөртүлдү.

Ушул тапта шаардык ЖКККБ кызматкерлери тарабынан айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жол белгисине карабай унаасын бир багыттуу жолго каршы тилке менен айдагандарга эскертүүлөр берилүүдө.

Кошумчалай кетсек, жаңыдан асфальт төшөлгөн Мамыр Баатыр көчөсүнүн Б.Осмонов жана Д.Малашев көчөлөрү менен кесилишкен аралыгы пайдаланууга берилген.

Аталган жолдун узундугу 1220 метр, туурасы 6 метрди түзөт.