Жалал-Абадда транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик агенттигинин имараты жаңыланат

Мындай маалыматты, аталган агенттиктин Жалал-Абад аймактык бөлүмүнүн башчысы Альберт Кожобергенов билдирди. Анын айтымында курулуштар үчүн 2 гектар жер тилкеси бөлүнүп берилген. Ушул тапта жаңы имараттын долбоору даярдалып, сметасы түзүлүп жатат.
«Биздин ушул тапта иштеп жаткан мекемебиз калаанын Д. Шопоков 32 дарегинде жайгашкан. Аталган көчө тар болгондуктан көп учурда жол тыгындары пайда болуп, ыңгайсыздыктар жаралат. Мындан улам жаңы имарат куруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылып жүрүп, калаанын Тайгараев аймактык башкармалыгынан 2 гектар жер тилкеси бөлунүп берилди. Ал жерге жаңы калкка кызмат көрсөтүүчү имарат, заманбап автодром жана авто мектеп курууну көздөп жатабыз.
Азыркы иш алып барган жерибиз тар болгондуктан, мында айдоочулук курамды гана каттап, транспорт каражаттарын гана каттай алабыз. Ал эми, курсанттар практикалык сынакты тапшыруу үчүн шаардын башка жерине барат. Бул албетте убакытты талап кылат. Ошол себептүү заманбап технологиялардын көмөгү менен имарат куруу пландалып жатат»,-деди ал.
Кошумчалай кетсек, транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад аймактык бөлүмүндө 21 кызматкер эмгектенет.