“Президент топ тээп” өлкө башчы Садыр Жапаров Жалал-Абад шаарындагы “Мурас Юнайтед” футбол клубунун машыгуу комплекси менен таанышты

“Президент топ тээп” өлкө башчы Садыр Жапаров  Жалал-Абад шаарындагы “Мурас Юнайтед” футбол клубунун машыгуу комплекси менен таанышты

 Аны Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Президенттин Жалал-Абаддагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков коштоп жүрдү. Таанышуу учурунда өлкө башчысы анда машыгып жаткан жаш футболчулар менен таанышып, команданын жаш дарбазачысын сынап топ тээп көрдү. Президенттин тобун 13 жаштагы дарбазачы эки ирээт тең тосуп калды. 
Сөз болуп жаткан комплекстин жалпы аянты 1,87 ганы түзөт. Анда узуну 110 метр, туурасы 72 метр болгон гибриттик оюн талаасы, атайын жарыктандыруучу мачталары орнотулган. Аны менен катар көрүүчүлөр үчүн 240 орундук бар. Жаңыдан курулган 3 кабаттуу имаратта  эс алуу жайлары, жатакана, машыгуучу зал, кызматкерлердин жана машыктыруучулардын  бөлмөлөрү, жатаканалар, баня, бассейн, даараткана, душ жайгашкан. 
Комплекстин курулушу 2024-жылдын декабрында “Мурас Юнайтед” футбол клубунун буйрутмасы менен башталган. Аны "ГСО Ресурс Строй компани” ЖЧКсы  куруп берген.