Ала-Букада ден-соолугунан майыптыгы бар жарандар арасында спартакиада өткөрүлдү

Ала-Букада ден-соолугунан майыптыгы бар жарандар арасында спартакиада өткөрүлдү

Бул тууралууАла-Бука райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Иличбек Узенов билдирди. Анын айтымында пара спартакианынкатышуучулары спорттун 4 түрү бонча күч сынашышкан.

«Спорттук иш чарага район боюнча жалпы 220 ден-соолугунан майыптыгы бар жаран катышты. Алар спорттун 4 түрү, шахмат, шашки, майыптык арабада жана вело жарышта ошондой эле таяк тартыш оюндарында күч сынашышты. Уюштуруу иштерин биздин мекеме колго алып, райондогу айыл өкмөттөр колдоого алып 5 миң сом акча каражатын бөлүп беришти. Иш чаранын максаты майыптыгы бар адамдарды коомго кошуу, алар да коомду кайсы бир мүчөсү экенин билүүгө багытталган»,-дейт И. Узенов.

Мындан сырткары ал шамдагай катышуучуларды 1-июнда облустук деңгээлде уюштурулчуу пара спартакиадага тандап алганын кошумчалады.

Кошумчалай кетсек, Ала-Бука районунда 1700дөн ашуун ден-соолугунан майыптыгы бар жаран мамлекеттен жөлөк пул алып келет.