Жалал-Абад облусунда 9 баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок
Дубанда 2024-жыл ичинде аткарылган социалдык-экономикалык көрсөткүчүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегияда маалым болгондой, облуста 9 баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү жок. Ыйгарым укуктуу өкүл Тилек Текебаев тиешелүү кызматтардын жетекчилерине чукул арада бул көйгөйдү чечүү тапшырмасын берди.
Алардын ичинен:
Сузак районунда 3
Ноокен районунда 2
Базар-Коргон районунда 2
Токтогул районунда 1
Майлуу-Суу шаарында 1 бала.
Облустун аймагындагы ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдардын саны 2025-жылдын 1-январына карата 500 баланы түзүп, 478 депозиттик эсеп ачылып, аталган эсепке 3 млн. 191 миӊ 891 сом акча каражаты түшкөн.