Тогуз-Тородо окуучулар канаттууларга уя жасашты

Тогуз-Тородо окуучулар канаттууларга уя жасашты

Саамалык Саймалуу-Таш мамлекеттик жаратылыш паркында  дүйнө жүзүндө Канаттууларды коргоо күнүн утурдай уштурулган. Иш-чарага Саймалуу-Таш мамлекеттик жаратылыш паркынын директору Эмил Жумабаев, мектеп окуучулары жана кызматкерлер катышты.

Анда  окуучулар егерлердин жумушу менен жакындан таанышып,  Саймалуу-Таш петроглифи тууралуу маалымат алып,  даярдаган уяларды бактарга орнотушту.

Белигей кетсек 1-апрель – дүйнө жүзүндө Канаттууларды коргоонун эл аралык күнү катары белгиленет. Бул майрам алгач 1894-жылы АКШда пайда болуп, кийинчерээк башка өлкөлөргө да жайылган. 1906-жылдын 1-апрелинде ЮНЕСКОнун «Адам жана биосфера» программасынын алкагында Канаттууларды коргоо боюнча атайын конвенцияга кол коюлуп, ошондон бери бул дата канаттууларды коргоого арналган күн катары белгиленип келет.

Кыргызстанда канаттуулардын 400дөй түрү катталган. Бул түрлөрдүн ичинен 57си өлкөнүн Кызыл китебине киргизилген.