АК-СУУЛУК ОКУУЧУЛАРГА АВТОБУС БЕРИЛДИ

АК-СУУЛУК ОКУУЧУЛАРГА АВТОБУС БЕРИЛДИ

Аксы районунун Ак-Суу айыл аймагындагы мектеп окуучулары үчүн автобус берилди. Бул туурасында   Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Канатбек Сулайманкулов билдирди.Аталган мектептин көпчүлүк окуучулары алыста жашагандыктан 3 чакырым аралыктан каттап окугандар көп болчу.Окуучулар күз, кыш жана эрте жазда окууга каттоодо бир топ түйшүк тартып келишкен. Ал маселени чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-ноябрындагы  №712-т тескемесине ылайык "Евразия" эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү автономдуу коммерциялык эмес уюмунан кыргызстандагы ондогон мектептерге автобустар берилген. Мындан улам Ак-Суу айыл аймагынын мектеп окуучуларын ташуу үчүн да мынтип автобус акысыз өткөрүлүп берилди.

Абдымомун Калбаев,"Акыйкат"