Тогуз-Тородогу мыкты мугалимдер Египетте эс алат
Бул тууралуу Тогуз-Торо райондук мамлекеттик админстрациядан билдиришти. Маалым болгондой, райондогу эки педагог, Жанара Бекташова жана Канышай Аманова “Жыл мугалими 2024” кароо сынагынын республикалык турунун байгелүү орунду камсыздашкан.
«Жыл мугалими 2024” кароо сынагынын республикалык туруна биздин райондон 2 мугалим республикалык турга чейин чыгып, ийгилик жаратып келишти. Бүгүн ийгилик жараткан Жанара Бекташова жана Канышай Аманованы аким Манас Мураталиев кабыл алып, аларга Египетке 7 күндүк эс алуу жолдонмосун тапшырды. Мындай саамалык өткөн жылы уюштурулган»,-деп айтылат маалыматта.
Кошумчалай кетсек, Тогуз-Торо районунда 14 мектеп бар, аларда 550 мугалим эмгектенет.
"Акыйкат"