Жалал-Абад: мэр ишкерлерге имараттардын алдын 3 күндө иретке келтирүүнү тапшырды

Жалал-Абад: мэр ишкерлерге имараттардын алдын 3 күндө иретке келтирүүнү тапшырды

Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков Т.Байзаков проспектисиндеги бир катар ишкерлерге жана коммуналдык мекемелердин жетекчилерине жыйын өткөрдү. Анда шаардын борбордук көчөсүндөгү имараттардын сырткы көрүнүшү, жашыл аймактарынын сакталышы, көрктөндүрүү иштери  боюнча маселе көтөрүлүп, шаар башчысы ишкерлерге үч күндүн ичинде имараттардын сырткы келбетин оңдоп-түзөө, актап-сырдоо, көрктөндүрүү жумуштарын жүргүзүү тапшырмасын берди.  Ошондой эле, коюлган талаптар аткарылбаса, тиешелүү чаралар көрүлө тургандыгын эскертти.

Эрнисбек Ормоков ишкерлер менен катар шаар тургундарына кайрылып, шаарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо жаатында шаар бийлигине көмөктөшүп, короо-жайларын, турак жайларынын астын иретке келтирүүгө чакырды.