Маселе чечилди
Жалал-Абад шаарында Метан куюучу бекет курулуп ишке берилди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору кабарлады.
Аталган станция Сузак районунун Жалал-Абад шаары менен чектеш аймагына курулду. Анда бир учурда 8 автоунаага газ толтурууга шарт түзүлгөн.
Курулуш өзбекстандык инвесторлор тарабынан каржыланып, жергиликтүү бийлик, тийиштүү кызматтар тарабынан тез арада ишке түшүрүү үчүн көмөк көрсөтүлдү.
Жалал-Абад шаардык мэриясынын муниципалдык автобазасынын жетекчиси Афтандил Максутов билдиргендей, метан менен жүргөн автобустар башка күйүүчү майлар менен жүргөн автобустарга караганда дээрлик эки эсеге чейин аз каражат сарптайт. “Тактап айтканда 1 куб газдын наркы 30 сомдун тегерегинде бааланып жатат. Ал эми, бир жолу толук заправка болгон автобус 400 чакырымга чейин же болбосо 2 күнгө чейин жүрө алат”,-деди А. Максутов.
Өткөн, 2023-жылы Жалал-Абад шаарынын 146 жылдыгы белгиленип, маарекенин урматына Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 50 даана метан менен жүрүүчү автобустарды тапшырган. Бирок Жалал-Абадда метан газы жок болгондуктан автобустардын иши убактылуу токтоп турган. Ошондой эле, республикалык бюджеттен жана шаар казынасынан бөлүнгөн акча каражатка 10 даана электробус да сатып алынып калаада жалпы 60 автобус эл ташыйт.
Маалымдалгандай 4 багыт боюнча 37 автобус каттамга чыкты. Алар мурдагы 8 Көк-Арт кичи районунан СМУ кичи шаарчасы аркылуу базарга, 9 бул Көк-Арт кичи шаарчасынан базар аркылуу СМУ кичи шаарчасын айланып кайра Көк-Артка жана 10 бул Спутник кичи шаарчасынан базар аркылуу шаардын дача аймагына жана базардан канаттуулар фабрикасына барчу автобустун каттамдары иштеп жатат. Ошондой эле эртеңден баштап дагы 3 каттам ишке чыгат.
Тийиштүү адистер билдиргендей бул газ куючу жайдан муниципиалдык автобустардан сырткары жеке жактар да пайдаланса болот.
“Акыйкат”