ШААР БЮДЖЕТИ 2025-ЖЫЛ ҮЧҮН 1 МЛРД. 209,5 МЛН. СОМ ДЕП БЕКИТИЛДИ

Жалал-Абад шаарынын 2025-жылга бюджети 1 миллиард 209,5 миллион деп бекитилди. Мындай маалымат шаардык мэриянын социалдык тармактагы баракчасында жарыяланды. Анда жазылгандай бюджеттин бекилиши Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин X чакырылышынын кезектеги V сессиясында шаар мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев Жалал-Абад шаарынын 2025-жылга бюджетинин долбоорун тааныштырды жана аны депутаттар бир добуштан колдоп берди. Салыштырмалуу бул 2024-жылга бекитилген пландан 157,6 млн. сомго көп.
Өлкөдөгү үчүнчү шаар аталган калаанын бюджети бекилген сессияда жалпы 15 маселе каралды. Ошондой эле ага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Орозбек Турдубеков, мэрдин орун басарлары, депутаттар жана шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты – деп жазылган маалыматта.